Баткен облусунун прокурорун өлтүрдү делген киши өмүр бою эркинен ажыратылды

© AFP / Gil Cohen Magen/POOLМолоток судьи
Молоток судьи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анарбай Мамажакыповдун сөөгү 2018-жылдын 18-ноябрына караган түнү Төрт-Көл суу сактагычына жакын жердеги жолдон табылган.

ОШ, 27-ноя. – Sputnik. Баткен облусунун мурдагы прокурору, маркум Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү катары кармалган Баткен облустук Капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысы Мелис Калыков күнөөлүү деп табылды. Бул тууралуу Ош шаардык сотунун маалымат катчысы Бекзат Осмонкулов билдирди.

Кыргызстандын мурдагы премьер-министрлери Сапар Исаков жана Жантөрө Сатыбалдиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сапар Исаковду 15 жылга кесүү сунушталды. ТЭЦ боюнча соттук иликтөө соңуна чыкты
Анын айтымына караганда, бүгүн, 27-ноябрь күнү, Ош шаардык соту ишти карап, Калыковду өмүр бою эркинен ажыратуу чечимин чыгарды.

Эске салсак, прокурор Анарбай Мамажакыповдун сөөгү 2018-жылдын 18-ноябрына караган түнү Төрт-Көл суу сактагычына жакын жердеги жолдон табылган. Ага шектүү катары Баткен мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Мелис Калыков кармалган. Милициянын маалыматы боюнча, ал Мамажакыповду мергенчилик курал менен атып, андан соң кылмышын жашыруу максатында денесин өрттөп салган.

Жаңылыктар түрмөгү
0