Ошто элди терроризм жана экстремизмге үгүттөдү делген киши камалды. Сүрөт

© AP Photo / Dieu Nalio CheryЗадержание Клиффорда Брандта в Порт-о-Пренсе, Гаити
Задержание Клиффорда Брандта в Порт-о-Пренсе, Гаити - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушул жылдын 26-ноябрында шектүү милиция кызматкерлери тарабынан алдын ала даярдалган адамдан 5 миң сом өлчөмүндө акча алып жаткан жеринен колго түшкөн.

ОШ, 27-ноя. – Sputnik. Кара-Суу районунда экстремизм жана терроризмге үгүттөөгө шектелип кармалган 31 жаштагы киши Ош шаардык сотунун чечими менен бир айга камакка алынды. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматынын өкүлү Абсатар Тавакалов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

© Фото / Зульфия ТургуноваКара-Суу районунда экстремизм жана терроризмге үгүттөөгө шектелип кармалган 31 жаштагы киши
Ошто элди терроризм жана экстремизмге үгүттөдү делген киши камалды. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Кара-Суу районунда экстремизм жана терроризмге үгүттөөгө шектелип кармалган 31 жаштагы киши

Анын айтымында, шаардык милициянын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан ушул жылдын 21-сентябрында ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Жалал-Абадда Сириядагы согушка катышты делген киши кармалды. Видео - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абадда Сириядагы согушка катышты делген киши кармалды. Видео
Жыйынтыгында облус аймагында Абдулла аттуу адам интернет аркылуу экстремизм жана терроризмге байланыштуу материалдарды мыйзамсыз таратып жаткандыгы жөнүндө маалымат келип түшкөн.

Факты ошол эле күнү шаардык милициянын нөөмөт бөлүмү тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 315-беренесинин 1-бөлүгүнүн («Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу») негизинде катталып, тергөө иштери башталган.

Анын жүрүшүндө шектүүнүн ким экени жана жашаган жери аныкталган. Ал Кара-Суу шаарынын 1987-жылкы А.К. аттуу тургуну болуп чыкты.

"А.К. ушул жылдын апрель айында Сириядагы "Таухид валь-Жихад" эл аралык террордук уюмунун катарына кошулган. Ал А.С. аттуу адам менен тыгыз байланышта болуп, Кыргызстан жана Өзбекстандын аймагында террордук уюмдун үгүттөө иштерине активдүү катышып жүргөн", — деди Тавакалов.

Ушул жылдын 26-ноябрында шектүү милиция кызматкерлери тарабынан алдын ала даярдалган адамдан 5 миң сом өлчөмүндө акча алып, банк аркылуу А.С. деген кишиге которуу үчүн бара жатканда колго түшүрүлгөн.

Тинтүү учурунда шектүүнүн жанынан беш миң сом жана эки уюлдук аппарат табылган. Сотко чейинки өндүрүш иши Жазык кодексинин 315-беренесинин 1-бөлүгүнөн 241-беренеге («Террордук ишке көмөктөшүү») өзгөртүлүп, Ош шаардык соту бир айга камакка алган.

А.К. учурда террордук ишмердүүлүгү үчүн соттолуп, жазасын өтөп жаткан Р.К. аттуу жарандын активдүү колдоочусу экени аныкталды. Ал Р.К. менен 2017-жылдан бери тыгыз байланышта болгон. Шектүүнүн ушул күнгө чейин Р.К.га материалдык колдоо көрсөтүп жүргөнү белгилүү болду. 

© Фото / Зульфия ТургуноваҮйдүн короосунан табылган тапанча
Ошто элди терроризм жана экстремизмге үгүттөдү делген киши камалды. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Үйдүн короосунан табылган тапанча

21-ноябрь күнү А.К. убактылуу жашап жаткан Кара-Суу районундагы үйүнүн короосунан жерге көмүлгөн тапанча (жеке номуру өчүрүлгөн, ПМ, 9 мм), 8 даана ок, пневматикалык тапанча (ПМ, 4,5 мм), 3 даана пневматикалык ок, 18 пневматикалык газ баллону, 4 даана сим-карта, ар кандай үлгүдөгү 7 флешка табылган. ал буюмдарга соттук-баллистикалык, соттук-эксперттик, диний жана лингвистикалык экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0