УКМК аймак аралык касташууну козутту деп интернет колдонуучуну кармады

CC0 / lechenie-narkomanii / Наказание за распрострение провокационных материалов в соцсетях
Наказание за распрострение провокационных материалов в соцсетях - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
УКМКнын айтымында, А.Ж. аттуу жаран чагымчыл жана учурдагы өкмөттү жамандаган маалыматтарды социалдык тармактагы колдонуучулар арасына жайылтып, массалык нааразычылык актыларын уюштурууга үндөгөн.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Аймактар аралык касташууну козутууга шектелип социалдык тармактын активдүү колдонуучусу А.Ж. аттуу адам кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, интернет колдонуучу ушул жылдын 24-ноябрында УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан кармалып, тергөө абагына киргизилген.

"А.Ж. жалган, чагымчыл жана учурдагы өкмөттү жамандаган маалыматтарды социалдык тармактагы колдонуучулардын арасына жайылтып, массалык нааразычылык актыларын уюштурууга үндөгөн. Натыйжада колдонуучулар арасында терс ойлор туулуп, аймактар аралык касташууну жараткан", — деп айтылат маалыматта.

Учурда "А.Ж." Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин 2-бөлүмү ("Аймактар аралык касташууну козутуу") боюнча кылмышка шектелип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0