Россияда көпүрөнүн алдынан сөөгү табылган кыргызстандык. Кырсыктын чоо-жайы

© Sputnik / Табылды КадырбековИнтервью с патологоанатомом Валентиной Пахман
Интервью с патологоанатомом Валентиной Пахман - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
22-ноябрда трассага жакын жерден 1976-жылы туулган К.Т.Ж. аттуу кишинин сөөгү табылган. Өлүкканадан алынган алдын ала маалымат боюнча, маркум бийиктиктен кулап каза болгон.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Москва — Санкт-Петербург трассасынан сөөгү табылган КР жараны 27-ноябрда мекенине алып келинет. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.

Учурда дипөкүлчүлүк окуянын чоо-жайын аныктап жатат. Белгилей кетсек, 22-ноябрда трассага жакын жерден 1976-жылы туулган К.Т.Ж. аттуу кишинин сөөгү табылган. Өлүкканадан алынган алдын ала маалымат боюнча маркум бийиктиктен кулап каза болгон.

"Тосно шаарынын тергөө бөлүмү иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. 30 күндүн ичинде аталган факты боюнча кылмыш ишин козгоп же козгобоо маселеси чечилет. Ал эми маркумдун сөөгүн мекенине алып кетүүгө 25-ноябрда уруксат берилген. Сөөк 27-ноябрда Санкт-Петербург — Бишкек багыты боюнча "АвиаТраффик" авиакомпаниясы менен алып келинет", — деп айтылат маалыматта.

Серепчи Улан Шамшиев - Sputnik Кыргызстан
Радио
Шамшиев: мигранттардын 200 миңдей баласы соцкызматтарды колдоно албай жатат
Андан сырткары, маркум курулуш компанияларынын биринде айдоочу болуп иштегени аныкталган. Компания маркумдун жакындарына акчалай компенсация төлөп, сөөктү алып келүүгө кеткен чыгымдарды төлөп бере турган болду.

Учурда бул факты элчиликтин көзөмөлүнө алынган. Россиянын укук коргоо органдары тарабынан жасалган чаралар боюнча кошумча маалымат берилери айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0