Финпол: Кыргызстандан 700 млн. эмес, 900 млн. доллар чыгарылган

© AFP / HOАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каражат Кытай, Түркия, Латвия, Улуу Британия, Германия жана башка өлкөлөргө которулган. Саймаити кирешелер жөнүндө декларация тапшырбай, 2 миллиард 602 миллион сом салык төлөгөн эмес.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Айэркен Саймаити жана аны менен иштешкен адамдар Кыргызстандан 932 миллион 736 миң доллар чыгарып кеткен. Бул туурасында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын (Финпол) төрагасы Бакир Таиров билдирди.

Эске салсак, буга чейин "Азаттык" радиосу менен Kloop басылмасы өлкөдөн 700 миллион доллар чыгарылып кеткени тууралуу иликтөөсүн жарыялаган.

Таиров азыркы тапта журналисттик иликтөө боюнча сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатканын белгилеп, бир нече фактыларды айтты.

"Айэркен Саймаити, Буфилли Бумайрам жана "Абдыраз" ишканасынын (Саймаитиге таандык — ред.) акча жөнөтүүсү боюнча банктык документтердин баары алынды. Алардын эсептеги негизги каржы булагы накталай акча болгон. Саймаити, Бумайрам жана башка сегиз адамдын 17 банк аркылуу 932 миллион 736 миң доллар чет өлкөгө которгону аныкталды", — деди Таиров.

Кыргызстандын башкы прокурору Өткүрбек Жамшитов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Саймаитинин өлүмү. Башкы прокурор да түркиялык кесиптеши менен сүйлөштү
Финполдун башчысынын айтымында, каражат Саймаитинин жана "Абдыраз" ишканасынын эсебинен Кытай, Түркия, Латвия, Улуу Британия, Германия жана башка өлкөлөргө которулуп турган.

"Банктардын расмий жообу боюнча акча курулуш, текстиль материалдары, электрондук товар үчүн жана карызды кайтаруу, жер тилкеси, турак жай сатып алуу максатында которулган. Салыктык текшерүүнүн негизинде, Саймаитинин кирешелер жөнүндө декларация тапшырбай 2 миллиард 602 миллион сом салык төлөбөгөнү аныкталды", — деди Таиров.

Бул факты кирешени жашыруу фактысы боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0