Бишкекте тонолгон банк: уурулар канча акча алып кеткени айтылды

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүАКШ долларлары жана Россия рубли. Архив
АКШ долларлары жана Россия рубли. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган факты КРдин Жазык кодексинин 202-беренеси ("Каракчылык") боюнча каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Алдын ала маалыматтарга караганда, "ЭкоИсламикБанктын" филиалына киргендер бир жарым миллион сомдун тегерегиндеги акчаны алып кетишкен. Бул тууралуу Sputnik агенттигине укук коргоо органдарындагы булак билдирди.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Экоисламик Банкынын тонолгон филиалынын сүрөттөрүн салды - Sputnik Кыргызстан
Банк филиалынын тонолушу. Окуя болгон жердин сүрөтү жана чоо-жайы
Эске салсак, Бишкектеги Юнусалиев менен Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилишиндеги банктын филиалы тонолгондугу тууралуу маалымат 26-ноябрь күнү тараган. Эки кылмышкер күзөтчүнү сабап, ири суммадагы акчаны чыгарып кетишкен.

Аталган факты КРдин Жазык кодексинин 202-беренесине ("Каракчылык") ылайык каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Ишенимдүү булактын кабарчыга айтып бергенине караганда, уурдалган каражаттын арасында доллар, рубль жана сом дагы болгон. Жалпы жонунан бир жарым миллион сомго чукул акча жоголгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0