Милиция Бишкектеги банктын филиалынын тонолушун тергей баштады

© Фото / Pixabay / kerttuНошение огнестрельного оружия
Ношение огнестрельного оружия - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки шектүү изделип жатат. Алар күзөтчүнү сабап, тапанчасын тартып алган. Андан кийин кассадагы акчаны алып качып кетишкен.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Милиция "ЭкоИсламикБанкынын" филиалынын тонолушу боюнча сотко чейинки тергөө амалдарын баштады. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Октябрь райондук милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Пачка денег и нож - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте дүкөндү карактады деп үч жигит, бир кыз кармалды. Сүрөт
Ага ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 202-беренеси ("Карактоо") боюнча тергөө башталды.

Маалыматка караганда, окуя бүгүн эртең мененки саат 8:47де болгон. Ал эми милицияга саат 9:17де кабар түшкөн. Банктын филиалы 6-кичирайондо, Сухэ-Батор менен Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. 

Эки киши банктын филиалына кирип барып күзөтчүнү сабап, тапанчасын тартып алышкан. Андан соң кассадагы акчаны алып качып кетишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0