УКМК: салык кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековСлучаи взятки в госучреждениях
Случаи взятки в госучреждениях - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Колго түшкөн кишинин салык маселесин чечүү жана жең ичинен колдоо максатында жеке ишкерден акча талап кылгандыгы айтылды.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарынын Ленин райондук Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын кызматкери 20 000 сом пара менен кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Оң рулдуу автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бир машинадан 100-200 доллар алган. УКМК "Унаа" ишканасынын кызматкерин кармады
А.М. аттуу салыкчы 2019-жылдын 21-ноябрында УКМК тарабынан ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө колго түшүрүлгөн.

Маалыматта кармалган адамдын салык маселесин чечүү жана жең ичинен колдоо максатында жеке ишкерден акча талап кылгандыгы айтылган.

Бул материалдар сотко чейинки өндүрүштүк иштердин негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

"Кармалган адамга карата сот органдары тарабынан үй камагына камоо боюнча баш каргоо чарасы каралды", — деп айтылат таратылган кабарда.

Маалымат кызматы учурда тергөө иштери жүрүп жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0