Автокырсыктан адам өмүрү көп кыйылган Бишкектин көчөлөрү. Карта

© © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуЖол кырсыгы. Архив
Жол кырсыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаада 2019-жылдын тогуз айында жол кырсыгынан 2280 адам жаракат алып, 60 киши көз жумган.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын тогуз айында борбор калаада 1828 жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына ылайык, 2019-жылдын тогуз айында Бишкекте жол кырсыгынан 2280 адам жаракат алып, 60 киши көз жумган.

Адам өмүрүн алган кырсыктардын көпчүлүгү Иса Ахунбаев, Гагарин көчөсү менен Чыңгыз Айтматов, Жибек Жолу проспектилеринде болгон.

Ал эми өткөн жылдын тогуз ай аралыгында борбор калаада 1602 жол кырсыгы катталып, анда 45 адам мерт кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0