Саймаитинин ысымы канча кылмыш ишинде аталып жатканы айтылды

Жазылуу
Бизнесмен Айэркен Саймаити 10-ноябрь күнү Стамбулда өлтүрүлгөн. Ага чейин журналисттерге Кыргызстандан 700 миллион долларды чыгарып кетүүгө катышканын айтып берген.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Айэркен Саймаитинин ысымы үч кылмыш ишинде аталып, экөөсү боюнча айыпталуучу катары каралып келген. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин маалымат катчысы Дамир Сагынбаев билдирди.

Анын айтымында, Саймаити Кыргызстандын жараны болгон эмес, Эркин Самятов деген ат менен мыйзамсыз негизде ID-карта жана жалпы жарандык паспорт алып жүргөн. Ал бул документтерди 2014-жылы Мамлекеттик каттоо кызматынын Сузак району боюнча бөлүмүнөн алган.

"Аталган факты 2019-жылдын июль айында аныкталган. Күнөөлүү тарап белгилүү болду — ал Мамкаттоонун кызматкери. Учурда кылмыш иши Сузак райондук сотунун кароосунда. 2019-жылдын сентябрь айында Айэркен Саймаитиге карата мыйзамсыз негизде паспортту колдонуу (Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси) фактысы боюнча материалдар өзүнчө өндүрүшкө алынган", — деди ал.

Сагынбаев ошондой эле "Азаттык" радиосунун биринчи иликтөөсүндө айтылган (700 миллион доллардын сыртка чыгарылып кетиши тууралуу) фактынын негизинде үстүбүздөгү жылдын июнь айында материалдар Кылмыш жана жоруктар жөнүндөгү бирдиктүү реестрге Кылмыш-жаза кодексинин 215-беренеси («Кылмыштуу акчаларды легалдаштыруу») боюнча каттоого алынганын белгиледи.

"Финпол тарабынан Саймаитинин акча которуулары боюнча документтер алынып, салык боюнча иликтөөлөр жүргүзүлгөн. Натыйжада 2013-жылдан 2017-жылга чейинки аралыкта Саймаитиге кирешеси үчүн 2 миллиард 602 миллион сом салык кошулган. Август айында Саймаити салык төлөөдөн качканы боюнча материалдар Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, өзүнчө өндүрүшкө алынган", — деди Сагынбаев.

Август айынын аягында Саймаити Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси («Бюджетке ири суммадагы салыкты төлөөдөн качуу») боюнча шектелип жатканы тууралуу сыртынан билдирүү берилген. Ошондой эле Биринчи Май райондук сотунун токтому менен сыртынан камакка алынган.

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алтынбек Сулайманов Саймаитинин өлүмүн иликтеген комиссиядан чыкты
Эске салсак, буга чейин ИИМ Саймаити Кыргызстанда өзүнүн өнөктөшүн 3 миллион 268 миң сомго алдап кеткенин маалымдап, эл аралык издөө жарыяланганын кабарлаган

Ал эми Саймаити киши колдуу болгондон кийин ага жасалган коркутуу фактысы боюнча иш козголгон

Белгилей кетсек, эки ЖМКнын Кытайдан аткезчилик жолу менен алып келинген товарлар жөнүндө биргеликте жасаган иликтөөсү коомчулукту дүрбөлөңгө салды. Андагы маалыматка караганда, Матраимовдордун үй-бүлөсү Хабибула Абдукадыр аттуу уйгур менен биргеликте бизнес жасап жүрүшкөн. Материал 10-ноябрда Стамбулда киши колдуу болгон Айэркен Саймаити берген маалыматтардын негизинде даярдалган. Иликтөөдө Саймаити өлөр алдында Кыргызстандын бажысындагы коррупция тууралуу маалыматтарды берүүгө үлгүргөнү айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0