16:08 19 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8406
  • EUR75.6129
  • RUB1.0952
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
2790 0 0

Шектүүнү колго түшүрүү учурунда ал изин жашырууга аракет кылган. Полковник автоунаасын айдап качып баратып, арызданган аялды койдуруп кеткен. Учурда аял ооруканада.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. ИИМдин Бишкек шаары боюнча Баңгизаттарды мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 7-ноябрь күнү ведомствонун Коррупцияга каршы кызматына бишкектик аял кайрылган. Ал Бишкек шаары боюнча Баңгизаттарды мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматында иштеген киши күйөөсүнө мурда козголгон кылмыш ишин үй-бүлөнүн пайдасына чечип берүү үчүн үч миң доллар пара талап кылып жатканын айткан.

Мындан улам КРдин Жазык кодексинин 326-беренесине ("Пара талап кылуу") ылайык сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

"23-ноябрь күнү ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте шектүүнү колго түшүрүү боюнча иш-аракет жасалган. Натыйжада аталган кызматтын жетекчиси, милициянын полковниги Н.Б. талап кылган акчанын 50 миң сомун алып жаткан жеринен кармалды", — деп айтылат билдирүүдө.

Бирок аны колго түшүрүү учурунда изин жашырууга аракет кылган. Ал автоунаасын айдап качып баратып, арызданган аялды койдуруп кеткен.

Жыйынтыгында шектүү ыкчам-иликтөө тобу тарабынан кармалып, жабырлануучу ооруканага жеткирилген. Учурда анын абалы туруктуу деп бааланууда.

Ал эми кармалган жетекчи УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

 

Тема боюнча

200 миң доллар пара: прокурор Чалбаев менен Самаковдун балдарына өкүм чыкты
УКМК: сот менен милиция кызматкери 20 миң сом пара алып кармалды
Белгилер:
пара, жетекчилик, ИИМ, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ