Түндө Чүйдө жол кырсыгы болуп, үч аял менен бир бала каза болду

© Sputnik / Сергей Ермохин / Медиабанкка өтүүМассововая авария на автодороге между Пушкиным и Шушарами под Санкт-Петербургом
Массововая авария на автодороге между Пушкиным и Шушарами под Санкт-Петербургом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык 24-ноябрь күнү саат 23.50лөр чамасында Бишкек — Ош жолунун 163-чакырымында болгон. Анда Mercedes-Benz Sprinter менен Honda Stepwgn кагышкан.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Түндө Чүй облусунун Жайыл районунда ири жол кырсыгы болуп, кесепетинен үч аял менен бир бала көз жумду. Бул тууралу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 24-ноябрь күнү саат 23.50лөр чамасында Бишкек — Ош жолунун 163-чакырымында болгон. Анда Mercedes-Benz Sprinter менен Honda Stepwgn кагышкан.

"Үч аял жана 4-5 жаштагы бир бала каза тапты. Мындан тышкары, 11 киши жаракат алды. Алардын үчөө балдар", — деп айтылат билдирүүдө.

Жеринде ӨКМдин беш куткаруучусу иштеп, жабырлануучуларды Тез жардамга өткөрүп берди.

 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0