Бишкекте ресторандын аймагынан өрт чыкты. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековКрупный пожар на складе бытовой техники в Бишкеке
Крупный пожар на складе бытовой техники в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчү бир машина чыгып кеткен. Өрттүн видеосун күбөлөр Telegram каналы аркылуу жарыялашты.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Бишкекте "Ала-Тоо" ресторанынын аймагынан өрт чыкты. Бул тууралуу күбөлөр Telegram каналындагы "Бишкек сегодня" тайпасына жазып, видеосун жүктөшкөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, аларга Малдыбаев менен Масалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги ресторандын аймагында коюу түтүн чыгып жатканы тууралуу кабар түшкөн. Окуя болгон жерге саат 14:08де өрт өчүрүүчү бир машина чыгып кеткен.

Куткаруучулар жерине барганда өрт таштандыдан чыкканы белгилүү болгон. Саат 14:30да өрт толугу менен өчүрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0