Нарында үй өрттөнүп, киши каза тапты. Кырсыктын видеосу

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүПожар в центре Москвы
Пожар в центре Москвы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык тууралуу маалымат ӨКМге түнкү саат 02:25те түшсө, таңкы 05:40та толугу менен өчүрүлгөн. Жеринде бир өрт өчүрүүчү унаа иштеген.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Нарында үй өрттөнүп, киши каза тапты. Бул тууралуу күбө Telegram каналындагы "Бишкек сегодня" тайпасына жазды.

Кадрдан өрттөнүп жаткан үйдү жана иштеп жаткан куткаруучуларды көрүүгө болот. ӨКМ кырсык болгонун ырастап, өрт Ленин көчөсүнөн чыкканын маалымдады.

"Аянты 42 чарчы метрлик каралбай калган үй өрттөнүп кетти. Анын кесепетинен бир киши каза тапты. Учурда анын ким экени такталууда. Өрт тууралуу маалымат түнкү саат 02:25те түшсө, таңкы 05:40та толугу менен өчүрүлдү", — дешти ӨКМден.

Жеринде бир өрт өчүрүүчү унаа иштеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0