Кыздардын мушташы. Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы иштен алынды

Жазылуу
Буга окуучулардын массалык мушташына жол берген билим берүү бөлүмүнүн ишиндеги кемчиликтер себеп болду. Анын үстүнө жетекчиге буга чейин дагы тартип маселелери боюнча эскертүү берилген.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Окуучу кыздардын мушташынан улам Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Угулай Зыябекова иштен алынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Эске салсак, Жаңы-Жол айылында Мамытбеков атындагы мектепте окуган 10-11-класстагы кыздар 18-ноябрь күнү саат 17:30дар чамасында мушташышкан. Кыздар кер-мур айтыша кетип, маселени чечишип алуу үчүн мектептин аймагынан чыгып кетишкен. Массалык мушташтын күбөлөрү окуяны видеого тартып алып соцтармакка жарыялашкан. Кадрдан 25-30дай кыздын айтышып жатканын көрүүгө болот.

"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамдын 47-беренесине ылайык, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Угулай Зыябекова кызматтан кетти. Буга окуучулардын массалык мушташына жол берген билим берүү бөлүмүнүн ишиндеги кемчиликтер себеп болду. Анын үстүнө жетекчиге буга чейин дагы тартип маселелери боюнча эскертүү берилген", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, кыздардын мушташуу фактысы Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") боюнча каттоого алынган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0