Москва дарыясынан сөөгү табылган кыргызстандыктар. Шектүү экинчи ирет кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековАрест подозреваемого в преступлении в КР
Арест подозреваемого в преступлении в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүү буга чейин соттолгон. Ал Россиянын аймагында дагы оор кылмыш кылган деп күнөөлөнүп жатат. Учурда анын шериктери изделүүдө.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. ИИМдин маалымат кызматы үстүбүздөгү жылдын март айында эки кыргызстандыкты Россияда өлтүрүүгө шектелип кармалган киши Ошто камакка алынганын кабарлады.

2019-жылдын ноябрь айында Араван районунун жашоочусу милицияга кайрылып, белгисиз адамдар андан акча талап кылып жатканын айтып арызданган. Кылмышкерлер аны сабап, коркутуу жолу менен Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаасын тартып алышкан.

Факт боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталып, укук коргоочулар биринчи шектүүнү аныкташкан. Ал Өзгөн районунун буга чейин соттолгон тургуну болуп чыккан.

Ыкчам издөө аракеттеринен улам Д.А. аттуу 37 жаштагы киши кармалган. Маалыматка караганда, ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат.

Үстүбүздөгү жылдын март айында Д.А. Өзгөн районунда уурулук фактысы боюнча колго түшкөн. Анда белгисиз адамдар жергиликтүү тургунду коркутуп акчасын алып кетишкени айтылган. Кийин сот шектүүнү күнөөлүү деп таап, бирок бир жылдык пробациялык көзөмөлгө (адистер, психологдор түшүндүрүү иштерин жүргүзөт — ред.) жөнөтүү менен кылмыш жоопкерчилигинен бошоткон.

Насилие в семье - Sputnik Кыргызстан
Чүйдө аялына кол салган бөтөлкөлөшүн өлтүрө сабаган үй ээси кесилип кетти
Бул киши Москвадагы "Люблино" метросундагы станциядан кыргызстандык эки жаранды уурдап кетүүгө дагы шектелген. Кийинчерээк алардын сөөгү табылып, кыйнап өлтүрүлгөнү маалым болгон. Россиянын укук коргоочулары шектүүнү колго түшүрүү үчүн мамлекеттер аралык издөө жарыялаган.

Үстүбүздөгү жылдын 9-мартында ИИМ Россиядагы эки кыргызстандыкты өлтүрүүгө шектелген киши кармалганын кабарлаган. Ал Ош облусунан колго түшкөн болчу. Шектүү 1982-жылы туулган Д.А. экени айтылып, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү экени белгиленген.

"Шектүү эмне себептен экинчи ирет кармалып жатат жана ал мартта коё берилди беле" деген суроого ИИМ бул эпизод боюнча аны жоопко тартуу үчүн Россиядагы соттун чечимин күтүп жатканын маалымдады.

Ал эми Кыргызстанда ал уурулук фактысы боюнча жоопко тартылып, ага карата пробациялык көзөмөл колдонулган. ИИМден Кыргызстандын жаранын укуктук жардам боюнча Минск конвенциясына ылайык башка мамлекеттин сотуна өткөрүп берүүгө болбой турганын билдиришти.

Учурда шектүү камакта, анын шериктерин кармоо аракеттери жүрүүдө.

Киши колдуу болгон эки кыргызстандыктын сөөгү 2017-жылдын аягында Москва дарыясынын жээгинен табылган. Жарым жылдан кийин биринчи шектүү колго түшкөн

Экинчи шектүү 2019-жылдын 7-мартында кармалган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0