КамАЗдарга кыпчылып каза болгон киши. "Кыргыз көмүр" окуяга түшүндүрмө берди

© Sputnik / Эмиль СадыровКөмүр шахтасынын кызматкерлери. Архив
Көмүр шахтасынын кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
16-ноябрда Кара-Кече кенинде жүк ташуучу автоунаага жол көрсөтөм деп экөөнүн ортосунан чуркап өтүүгө аракет кылган кишинин машиналардын ортосуна кыпчылып калганы кабарланган. Жаракат алган 30 жаштагы киши ооруканага алып бараткан жолдо үзүлгөн.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасы Кара-Кечеде болгон кырсык мекеме иштеткен "Центральный" кенинин сыртында болгонун билдирди.

Жолдо жаткан кыз. Иллюстративдүү сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте автоунаа коюп кеткен аял каза болуп калды
Эске салсак, 16-ноябрда Кара-Кече кенинде жүк ташуучу автоунаага жол көрсөтөм деп, алардын ортосунан чуркап өтүүгө аракет кылган кишинин машиналардын ортосуна кыпчылып калганы кабарланган. Жаракат алган 30 жаштагы киши ооруканага алып бараткан жолдо үзүлгөн.

"Кыргыз көмүр" ишканасы Кара-Кече кенинде 14төн ашык компания көмүр казарын маалымдап, алар иштеткен "Центральный" кенинде автотранспорттун кезеги сакталарын маалымдады.

"Кен казган жерге көмүр жүктөгөнү кирген автоунаалардын кирип чыгуусун жөнгө салуу тартиби бекитилип, көзмөлдөө пункту коюлган. Ал эми кароолчулар кезектешип иштеп, "Центральный" кенине документи жок кишилердин кирип кетпөөсүн текшерип турат", — деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик ишкана ошондой эле бардык айдоочуларды жол эрежесин сактап, кенге кирген автоунаалардын тыгынын жаратпоого чакырат.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0