Бишкекте беш автоунаа кагышты. Кырсыктан кийин тартылган видео

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция жана тез жардам кызматы. Архив
Милиция жана тез жардам кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир нече автоунаа кагышкан жол кырсыгы Жибек Жолу жана Жаш Гвардия проспектилеринин кесилишинде болгон.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Борбор калаадагы беш автоунаа кагышкан жол кырсыгынан кийин тартылган видео "Короче" Telegram каналына жарыяланды.

Күбөнүн айтымында, окуя кечээ, 17-ноябрда, саат 22.45тер чамасында Жибек Жолу жана Жаш Гвардия проспектилеринин кесилишинде болгон.

Бишкектин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын нөөмөт бөлүмү кырсык болгонун тастыктап, жеринде инспекторлордун иштегенин билдирди. Жабыркагандар боюнча азырынча маалымат жок.

Учурда кырсыкка аралашкан унаалардын баары айып короого киргизилди.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0