07:04 27 Бирдин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7500
  • EUR102.9628
  • RUB1.1385
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
1151 0 0

Каргаша 11-ноябрга караган түнү болгон. Балыкчыдан Кочкорду көздөй келе жаткан өнөрпоздор жол кырсыгына кабылып, унаа ичиндеги беш кишинин төртөө мүрт кеткен.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Акын Акжолтой Канатбек уулу менен бир унаада кырсыктап, оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн 20 жаштагы Ырысбек Алибеков да көз жумду. Маалыматты Кочкор райондук оорукананын башкы дарыгери Турат Жумабеков тастыктады.

Эскерте кетсек, каргаша 11-ноябрга караган түнү болгон. Subaru Impreza үлгүсүндөгү машина Ысык-Көл облусунан Кочкор районун көздөй бара жатып, каршы тилкедеги North benz жүк ташуучу автоунаа менен кагышкан. Анын кесепетинен Майра Керим кызынын кичүү уулу Акжолтой, анын келинчеги, алып баруучу Жоомарт Алмазбеков, дагы бир жигит болуп төртөө каза тапкан. Ырысбек Алибеков оор абалда Кочкор райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

"Алибековдун мээсине кан толуп, баш сөөгү сынып кеткен. Абалы өтө эле оор болчу. Операция жасалгандан кийин деле комадан чыккан жок. 16-ноябрда кечинде эсине келбей көз жумду. Соттук-медициналык экспертизадан кийин сөөгү жакындарына берилди", — деди Жумабеков.

Маркум Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерваториянын студенти болчу.

Тема боюнча

Төртөө мүрт кеткен. Акжолтой Канат уулу каза тапкан кырсыктын чоо-жайы айтылды
Белгилер:
Кочкор, Акжолтой Канат уулу, оорукана

ЭҢ МААНИЛҮҮ