Чоң Чүй каналында мурда жоголгон кишиге окшош сөөк табылды

Жазылуу
15-октябрда Бишкек шаарынын тургуну анын 57 жаштагы Лим Чанг Су аттуу досу Бишкектеги мейманканалардын биринен чыккан бойдон кайтпай калганын айтып, милицияга кайрылган.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. 3-ноябрь күнү Ысык-Ата районунда Чоң Чүй каналынан белгисиз эркектин сөөгү табылды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, ушул жылдын 15-октябрында Бишкек шаарынын тургуну анын 57 жаштагы Лим Чанг Су аттуу досу Бишкектеги мейманканалардын биринен чыккан бойдон кайтпай калганын айтып, милицияга кайрылган.

Табылган сөөктү ошол адамга окшоштуруп жатышат.

"Сөөк саат 16.00дөр чамасында табылды. Анда кыйнап өлтүрүүнүн белгиси жок", - деп айтылат билдирүүдө.

Аталган факты Ысык-Ата райондук милиция тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды. Бардык тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0