06:00 26 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8443
  • EUR77.1640
  • RUB1.1301
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
441 0 0

Ишкана Тараз — Талас — Суусамыр жолунун 75 чакырымын жана Ош — Баткен — Исфана жолунун 33 чакырымын оңдомок болгон.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда жол курган түркиялык "Чакыр Япы" компаниясы менен Транспорт жана жолдор министрлигинин кызматкерлери алдамчылык жол менен 379 миллион сом кымырып алган. Бул туурасында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы (Финпол) билдирди.

Финпол буга чейин аталган компаниянын Х.И., Ч.Ш., Ч.М.А., Ж.Ф. аттуу бир катар жетекчилерине кылмыш иши козголгонун билдирди. Анын ичинен Х.И. соттун өкүмү менен күнөөлүү деп табылып, калганы из жашырып кеткени үчүн эл аралык издөөгө алынган.

"Чакыр Япы" подрядчы компаниясынын бир кызматкери жол курууда жетекчилиги Транспорт жана жолдор министрлигинде иштеген аткаминерлер менен жең ичинен сүйлөшкөнүн айтты. Анын натыйжасында компания тендерди алдамчылык жол менен өткөрүп, бааларды жогору көрсөтүп жана бүтпөгөн жумуштарды "жасалды" деп жалган документтерди даярдашкан. Мунун кесепетинен мамлекетке 379 миллион сом чыгым келтирген", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Финпол "Алке Иншаат" менен "Чакыр Япы" подрядчы компанияларынын жетекчилери жең ичинен сүйлөшүп Ислам өнүктүрүү банкынан бөлүнгөн төрт миллион долларды кымырып алышканын айтат. Андан соң кылмыштуу аракеттерин улантып "Алке Иншаат" жол куруу үчүн "Чакыр Япы" ишканасынын карамагындагы "Курулум Таахют" субподрядчы компания менен келишим түзгөн.

Азыркы тапта тергөө иштери жүрүп жатат. Жогорудагы алдамчылыкка шектүүлөрдү аныктоо, соттук экспертиза, аудитордук, салык жана башка текшерүүлөр териштирилип жатат.

"Чакыр Япы" жалпы узундугу 199 чакырымга жеткен Тараз — Талас — Суусамыр жолунун 75 чакырымын оңдоого тендерден уткан. Долбоорду каржылоого Ислам өнүктүрүү банкы менен Сауд өнүктүрүү фонду 20 миллион доллар насыя берсе, республикалык бюджеттен 2,08 миллион доллар бөлүнгөн. Мындан сырткары, ал компания Ош — Баткен — Исфана жолунун 33 чакырымын оңдомок болгон.

Тема боюнча

Кыргызстан алган карызын туура иштетпей 772,2 млн. сом айып төлөдү. Видеоиликтөө
Белгилер:
алдамчылык, компания, акча, жол

ЭҢ МААНИЛҮҮ