Милиция оюн талаасына чуркап чыккысы келген күйөрманды кармады. Видео

© Sputnik / Эркин СадыковПодготовка к футбольному матчу между сборными Кыргызстана и Японии в Бишкеке
Подготовка к футбольному матчу между сборными Кыргызстана и Японии в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милициялардын айтымында, тартип бузган адам кызматкердин биринин погонун жулуп алган. Күйөрман кармалган учур видеого түшүп калган.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Бишкектеги Кыргызстан менен Япониянын футбол кармашында күйөрмандардын бири оюн талаасына чуркап чыгууга аракет кылганын Sputnik агенттигине милициядан билдиришти.

Окуя биринчи тайм учурунда болгон. Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болууда.

"Тартип бузган адам тосмодон секирип кетүүгө аракет кылган. Укук коргоочулар аны токтотуп жатканда бир кызматкердин погонун жулуп алган", — деп айтып беришти милициядан.

Эске сала кетсек, 10-октябрда Кыргызстан менен Мьянманын командалары беттешип жаткан учурда күйөрман оюн талаасына чуркап чыгып кеткен. Учурда бул маселени Эл аралык футбол федерациясынын тартиптик комиссиясы кароодо

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0