08:36 06 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.4602
  • RUB1.0946
Украинские активисты со связанными руками сидят во время акции протеста против коррупции у здания Генеральной прокуратуры (ГП) в Киеве. 17 августа 2016 года

Жалал-Абад: ишкерди уурдап, 20 миң доллар талап кылган киши кармалды. Сүрөт

© AFP 2019 / SERGEI SUPINSKY
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
196 0 0

Ишкер 2019-жылдын февраль айында уурдалган. Аны борборго алып кетишип, андан соң жакындарынан бир топ суммадагы акча талап кылышкан.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Жалал-Абаддын Криминалдык милиция кызматы ишкерди уурдап, андан соң акча талап кылган кишини — кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.

Подозреваемый в похищении человека и вымогательстве
© Фото / пресс-служба УВД Джалал-Абадской области
Подозреваемый в похищении человека и вымогательстве
"2019-жылдын 11-февралында Жалал-Абад шаарындагы кафеден белгисиз бирөөлөр күч менен Т.Ф. аттуу ишкерди Honda Fit автоунаасына салып, Бишкекке алып кетишкен. Андан кийин туугандарынан 20 миң доллар талап кылышкан", — деп айтылат маалыматта.

Бул факты Жазык кодексинин 170-беренесинин негизинде (Адам уурдоо) Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Тартип коргоо органдарынын кызматкерлери шектүү эки кишини кармап, барымтада жаткан ишкерди бошоткон. Дагы экөө изделүүдө.

Ноябрдын башында милиция изделип жаткандардын биринин кайда экендигин тастыктап, ал кылмыштуу топтун өкүлү катары атайын каттоодо турганы аныкталган.

26 жаштагы М.Ш. аттуу жарандын Бишкекте жашырынып жүргөнү жана кармалгандан кийин облустагы убактылуу кармоо жайына киргизилгени айтылды. Учурда анын башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу такталууда.

Белгилер:
уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, кармоо, милиция, уурдоо, Жалал-Абад, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ