Бишкекте дүкөндү карактады деп үч жигит, бир кыз кармалды. Сүрөт

Жазылуу
Кылмышка шектүүлөрдү кармоо учурунда жанынан пневматикалык тапанча ок-дарылары менен табылган.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Борбор калаадагы дүкөндү карактоого шектелип үч улан менен бир кыз кармалды. Бул туурасында Бишкек ШИИБден билдиришти. 

© Фото / Пресс-служба УВД Октябрьского района БишкекаБорбор калаадагы дүкөндү карактоого шектелип үч улан менен бир кыз кармалды
Бишкекте дүкөндү карактады деп үч жигит, бир кыз кармалды. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Борбор калаадагы дүкөндү карактоого шектелип үч улан менен бир кыз кармалды

Маалыматка ылайык, 2-ноябрда шаар тургуну милицияга кайрылып, 5-кичи райондогу дүкөнү каракталганын айткан.
Анын ичинен төлөм терминалын талкалап 60 миң сом, ошондой эле 70 миң сомдук тамеки жана спирт ичимдиктерин уурдалганын айткан.

ИИМ кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россиялык жарандарды карактаган "УКМК кызматкерлери". Шектүүлөр кармалды
Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) менен сотко чейин тергөө башталды.

Шектүүлөрдү кармоо учурунда жанынан пневматикалык тапанча ок-дарылары менен табылган. Төртөө тең тергөө абагына киргизилди.

Бишкек милициясы ушул адамдардан жабыркагандар болсо төмөнкү телефондор аркылуу кайрылууну өтүнөт: (0700) 10-27-07, (0553) 10-21-91 жана 102.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0