"Дордой" базарында эки тажик бычакташа кетип, бири көз жумду

© Sputnik / Табылды КадырбековСлучаи поножовщины в Кыргызстане
Случаи поножовщины в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя ири базардын ичиндеги "Кербен" рыногунда болгон. Ушу тапта киши өмүрүнө забын болгон шектүү милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. "Дордой" базарынын бир бөлүгү болгон "Кербен" рыногунда Тажикстандын эки жараны бычакташа кетип, бири көз жумганын Бишкек шаардык милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 12-ноябрь күнү саат 9:25терде болгон. Акча маселесинен улам И.И. жана Х.А. аттуу эки адамдын ортосунда уруш чыгып, бири экинчисинин төш жагына бычак урган. Алган жаракатынан 30 жаштагы тажикстандык ошол жерден каза тапкан.

"Факты Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин ("Адам өлтүрүү") негизинде Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды. Шектүү кармалып, ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди", — деп айтылат билдирүүдө.

Милиция ушу тапта тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0