09:40 06 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.4602
  • RUB1.0946
Сот. Архивдик сүрөт

Нигерия атуулунун өлүмү боюнча ишти Свердлов райондук соту карайт

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
93 0 0

2019-жылы 2-июлда Бишкек шаарындагы ЦУМдун алдынан нигериялык Али Абубакарды бирөө коюп жибергенде, берки киши башы менен асфальтка тийип, эсин жоготкон. Ал бир нече күндөн кийин каза болуп калган.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Борбор калаадагы Свердлов райондук соту нигериялык Али Абубакардын өлүмү боюнча ишти карайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун маалымат кызматынан кабарлашты.

Күнөөлөнүп жаткан К.Э. аттуу жаранга карата Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин ("Ден соолукка оор зыян келтирүү") негизинде кылмыш иши козголуп, 2019-жылдын 5-июлунан бери №1 убактылуу тергөө абагында отурат.

“Свердлов райондук сотунун иштерине бул кылмыш иши 7-октябрда келип түшкөн жана учурда ал каралып жатат”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 2-июль күнү Бишкекте болжол менен саат 16.00дө ЦУМдун жанында Нигериянын тургуну муш жеп, жерге жыгылган. Кийин ал ооруканада өзүнө келбей каза болгон. Маркум Бишкек шаарындагы Cambridge School мектебинин директору Али Абубакар аттуу адам болгон.

Ал чоочун адам менен ЦУМдун чыга беришинен кокусунан түртүшүп кеткен. Андан кийин сөздөн-сөз чыгып уруша кетип, шектүү чет элдик жаранды уруп жибергенде жыгылып, жерге кара кушу менен тийгенин ИИМдин маалымат катчысы Бакыт Сеитов билдирген

Премьер аталган фактыны тез арада ачууну ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге тапшырган.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында Свердлов РИИБдин криминалдык кызматы тарабынан шектүү катары Ысык-Көл облусунун 22 жаштагы тургуну кармалган.

“Бишкектик жаран ЦУМдун жанында социалдык тармактагы баракчасы аркылуу түз эфирде достору менен сүйлөшүп жатканда чет элдик жаран келип, аны телефонго тартпоону суранган. Шектүүнүн айтымында, чет элдик жаран сөгүнө баштаганда экөө жаңжалдашып ЦУМ тарапка барышкан. Бишкектик жигит кемсинтүүгө чыдабай Нигериянын жаранын бетке урган", — деп билдирген милиция.

Бул окуя кыргыз коомчулугунда катуу талкууга алынган.

Тема боюнча

Соттор талашып-тартышкыча мурдагы аткаминер качып кетти
Сөөгүн өрттөп, талаага көмүп... Ошто агасын өлтүргөн жигитке өкүм чыкты
Белгилер:
сот, өлүм, мушташ, Нигерия, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ