Саймаитинин өлүмү: Түркияда кармалгандардын жарандыгын ТИМ текшерип жатат

© Sputnik / Эмиль СадыровЗдание Министерства иностранных дел КР в Бишкеке
Здание Министерства иностранных дел КР в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишкерди өлтүрдү деп кармалган үч кишинин экөө Кыргызстандын жараны экенин жергиликтүү ЖМКлар жазышкан.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Ишкер Айэркен Саймаитини өлтүрдү деген шек менен кармалган үч кишинин экөө Кыргызстандын жарандары деген маалыматты КР Тышкы иштер министрлиги текшерип жатат. Бул тууралуу ТИМден кабарлашты.

Түркиялык ЖМКлардын жазганына караганда, шектүүлөр Адана аймагынан Сирияга өтүп кетүүгө аракет кылган маалда колго түшкөн. Шектүүлөр сурак учурунда Айэркен Саймаитини Кыргызстандагы аласа-бересе маселелеринен улам өлтүрүшкөнүн айтышкан.

Офис Джеймса Ле Мезурье в Стамбуле - Sputnik Кыргызстан
ТИМ: Саймаити өлтүрүлгөн жердеги унаа кыргыз консулуна тийиштүү болгон
Белгилей кетсек, ишкер Айэркен Саймаити Стамбулдун Фатих аймагындагы мейманканалардын биринин короосунда отурган жеринен атып өлтүрүлгөн. Жергиликтүү ЖМКлардын жазышынча, ишкерди эки киши артынан машина менен акмалап келип атып, андан кийин ошол эле автоунаа менен из жашырган. Ишкер дароо ооруканага жеткирилгени менен өзүнө келбей каза болгон.

Окуя болгон аймактан алыс эмес жерде токтоп турган консулдукка таандык 34 CC 2092 номерлүү Range Rover үлгүсүндөгү автоунааны укук коргоо органдары алып кеткен. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги аталган жол тандабас Стамбулдагы башкы консул Эркин Сопоковго таандык экенин ырастап, ал президенттин жарлыгы менен кызматтан алынган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0