ТИМ: Саймаити өлтүрүлгөн жердеги унаа кыргыз консулуна тийиштүү болгон

© REUTERS / KEMAL ASLANОфис Джеймса Ле Мезурье в Стамбуле
Офис Джеймса Ле Мезурье в Стамбуле - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эркин Сопоков буга чейин да кызматтык эрежелерди бир нече жолу бузганы үчүн сөгүш алган. Тактап айтканда, ал жол эрежелерин бузуп, транспортту колдонуу укугунан аша чапкан.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын Стамбулдагы экс-башкы консулу Эркин Сопоков ага таандык машина эмне үчүн Айэркен Саймаити атылган аймакта болуп калганына түшүндүрмө бере алган эмес. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Сопоков башкы консулдукка 2017-жылы 17-апрелде дайындалган. Бул убакыт учурунда ал бир нече кызматтык эрежелерди бузган. Тактап айтканда, Сопоков менен чарба башчысы жана айдоочу И.С. Хавазов экөө жол эрежесин жана транспортту колдонуу эрежелерин бузган. Андыктан Сопоков сөгүш алып, Хавазов иштен алынган.

"Андан сырткары, Тышкы иштер министрлиги менен Башкы прокуратуранын текшерүүсүнүн жыйынтыгында Сопоков 2017-жыл үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшырбаганы аныкталган. Ал эми 2019-жылдын октябрь айынын аягында дипломатиялык номерди кайтарып берүү жана каттоого алуу процедурасын бузуп, "Рамадан туризм" автосалонуна Range Rover үлгүсүндөгү автоунааны сатуу үчүн берген", — деп айтылат маалыматта.

Жогоруда аталган бардык кемчиликтерди эске алуу менен Тышкы иштер министрлиги Сооронбай Жээнбековго Сопоковду иштен алуу боюнча сунуш киргизген.

Эске салсак, Эркин Сопоков мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгы менен бүгүн, 12-ноябрда, кызматынан алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0