ЖМК: Саймаитини өлтүрүүгө шектелип кыргызстандыктар кармалды

Жазылуу
Сурак учурунда алар Айэркен Саймаитини аласа-бересе маселесинен улам өлтүрүшкөнүн айтышкан. Учурда шектүүлөр Аданадан Стамбулга алынып келе жатат.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Стамбул шаарында ишкер Айэркен Саймаитини өлтүрүүгө шектелип үч киши кармалды. Алардын экөө Кыргызстандын, бирөө Сириянын жараны экенин Sondakika басылмасы Anadolu агенттигине шилтеме берип жазды. 

Маалыматка караганда, шектүүлөр Түркиядан Сирияга чыгып кетүүгө аракет кылган маалда Адана аймагынан кармалган. Ал жакта жүргүзүлгөн атайын операциянын жыйынтыгында кыргызстандык Хусейин Ахматалиев, Абдуллах Энвер жана сириялык Али Исбех колго түшкөн.

Сурак учурунда алар Айэркен Саймаитини Кыргызстандагы аласа-бересе маселесинен улам өлтүрүшкөнүн айтышкан.

Учурда шектүүлөр Аданадан Стамбулга алынып келе жатат.

Генеральный консул КР в городе Стамбул Эркин Сопоков - Sputnik Кыргызстан
Саймаити чуусу: Стамбулдагы башкы консул Эркин Сопоков иштен алынды
Белгилей кетсек, ишкер Айэркен Саймаити Стамбулдун Фатих аймагындагы мейманканалардын биринин короосунда отурган жеринен атып өлтүрүлгөн. Жергиликтүү ЖМКлардын жазышынча, ишкерди эки киши артынан машина менен акмалап келип атып, андан кийин ошол эле автоунаа менен из жашырган. Ишкер дароо ооруканага жеткирилгени менен өзүнө келбей каза болгон.

Окуя болгон аймактан алыс эмес жерде токтоп турган консулдукка таандык 34 CC 2092 номерлүү Range Rover үлгүсүндөгү автоунааны укук коргоо органдары алып кеткен. Жергиликтүү ЖМКлардын жазышынча, консулдук номер жасалма болуп чыккан.

Ал эми социалдык тармактын колдонуучулары бул автоунаа Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугуна тийиштиги бар экенин жазып чыгышкан. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги болсо машинага тагылган номер кимге таандык экени такталып жатканын маалымдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0