Чоң-Алайдан жарылбай калган авиабомба табылды

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүАвиабомба. Архив
Авиабомба. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чек ара кызматынын жоокерлери "Авиабомба РС-282" үлгүсүндөгү жардыруучу каражатты зыянсыздандыруу үчүн алып кетишти.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Кара-Тейит айылында жергиликтүү жашоочунун үйүнүн короосунан 82 килограммдык авиабомба табылды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

© Фото / Зульфия ТургуноваОш облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Кара-Тейит айылында жергиликтүү жашоочунун үйүнүн короосунан 82 килограммдык авиабомба табылды
Чоң-Алайдан жарылбай калган авиабомба табылды - Sputnik Кыргызстан
Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Кара-Тейит айылында жергиликтүү жашоочунун үйүнүн короосунан 82 килограммдык авиабомба табылды

Анын айтымында, бомбаны жашоочулар жер казып жатып таап алышкан.

"10-ноябрь күнү саат 17:00дөр чамасында Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Тейит айылынын тургундары таза суу чыгаруу үчүн казуу иштерин жүргүзүп жатып авиабомба таап алышкан. Алар бул тууралуу Чоң-Алай райондук милициясына кабарлашкан", — деди Аширбаев.
© Фото / Зульфия ТургуноваЫкчам тергөө тобу жерине барып, жардыруучу зат 1999-жылы Баткен окуясында ташталып, жарылбай калгандыгын аныктаган
Чоң-Алайдан жарылбай калган авиабомба табылды - Sputnik Кыргызстан
Ыкчам тергөө тобу жерине барып, жардыруучу зат 1999-жылы Баткен окуясында ташталып, жарылбай калгандыгын аныктаган

Ыкчам тергөө тобу жерине барып, жардыруучу зат 1999-жылы Баткен окуясында ташталып, жарылбай калгандыгын аныктаган.

Чек ара кызматынын жоокерлери "Авиабомба РС-282" үлгүсүндөгү жардыруучу каражатты 25-30 сантиметр тереңдиктен алып чыгып, зыянсыздандыруу үчүн алып кетишкен.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0