20:46 23 Теке 2021
Түз эфир
  • USD84.2620
  • EUR99.2101
  • RUB1.1423
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
2533 0 0

Ысык-Көл облустук ооруканасына бычак жеп алып келинген киши өзүнө келбей каза болгон. Кылмышка шектүү катары маркумдун кесиптеши кармалып, ал жасагандарын мойнуна алды.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. "Кумтөр" компаниясынын кызматкери киши колдуу болуп каза тапканын Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, окуя 5-ноябрда Каракол шаарында болгон. Ысык-Көл облустук ооруканасына 1985-жылы туулган Ч.А. аттуу жаран бычактан алган жарааты менен жеткирилген. Ал ооруканада өзүнө келбей каза болгон.

"Кылмышка шектүү катары маркумдун кесиптеши 51 жаштагы Т.Т. аттуу жаран кармалды. Ал жасаганын мойнуна алган. Кармалган жаран кесиптеши менен ичимдик ичип отуруп, андан кийин Караколго келе жатып жолдон кер-мур айтыша кетишкен. Ч.А. машинадан түшүп, Т.Т. аттуу кишинин автоунаасын чаап жиберген. Ага жини келген Т.Т. аны бачык менен сайып салган", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча катталды.

Тема боюнча

Балтанын сабы менен чаап койгом... Кеминде аялын өлтүргөн эркек соттолду
Стамбулда ишкер Айэркен Саймаитини атып кетишти. Жеринен тартылган видео
Белгилер:
адам өлтүрүү, Кумтөр, Ысык-Көл району, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ