Дүкөн алдында сабалгандар. Шектүү бир туугандардын абактагы мөөнөтү узарды

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүСледственный изолятор № 2 "Бутырская тюрьма"
Следственный изолятор № 2 Бутырская тюрьма - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмышка шектелип жаткан бир туугандардан тышкары алардын агасы, Чүй ОИИББдин мурдагы кызматкери 2020-жылдын 6-январына чейин УКМКнын тергөө абагында калтырылды.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Биринчи Май райондук соту борбор калаанын Жал кичирайонунда кишилерди аёосуз сабоого шектелип жаткан эки бир туугандын абактагы мөөнөтүн узартты. Бул туурасында Бишкек шаардык сотунун маалымат кызматынан билдиришти.

"Кылмышка шектелип жаткан Бапышев менен Сеитбеков ушул жылдын 31-декабрына чейин абакка калтырылды", — деп айтылат маалыматта.

Биринчи Май райондук сотунун маалымат кызматынынын айтымында, шектүүлөрдүн агасы, Чүй ОИИББдин мурдагы кызматкерин 2020-жылдын 6-январына чейин УКМКнын тергөө абагына камашкан.

Нападение арматурой - Sputnik Кыргызстан
Милиция: "Кыргызкөмүрдүн" директоруна эки киши кол салып, темир менен чапкан
Эске салсак, 28-августта болжол менен саат 7:00дөр чамасында Бишкек ШИИБге Жал кичирайонундагы супермаркеттин жанында кишилердин мушташып жатканы кабарланган. Жерине милициянын Кайгуул-күзөт кызматынын төртүнчү ротасынын кызматкерлери барган. Мындан сырткары, Чүй ОИИББдин кызматкери Казыбек Бапышев дагы келип, эки шектүүнү алып кеткен. Жабырлануучулар ооруканага жеткирилген. Кийин шектүүлөр милицияга өздөрү келген. Алар бир туугандар Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сеитбеков экендиги белгилүү болгон. Ал эми милициядагы бир тууганы Казыбек Бапышев иштен алынып, кийинчерээк колго түшүрүлгөн.

Бишкекте үч кишини аёосуз сабаган деп шектелип жаткан бир туугандар Бапышев менен Сейитбеков №1 тергөө абагына отургузулгандан кийин камералаштары менен мушташа кеткени тууралуу маалымат тараган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0