Абылгазиев тез татым жайындагы өрттүн себебин иликтөөнү тапшырды

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эске салсак, бүгүн, 8-ноябрда, Бишкектин чок ортосунда - Эркиндик бульвары менен Чүй проспектисинин кесилишиндеги тез татым жайында жарылуу болгон.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Саламаттыкты сактоо министрлигине бүгүн Бишкек шаарында кафеде чыккан өрттүн кесепетинен жабыркагандарга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүү жана дарылоо боюнча чараларды көрүүнү тапшырды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Өкмөт башчы тиешелүү мамлекеттик органдарга Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги жарылуунун себептерин тыкыр иликтеп чыгуу тапшырмасын берди.

Взрыв фастфуда Антошка в центре Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкек: тез татым жайындагы жарылуудан каза болгон кыздын сөөгүн алып чыгышты. Сүрөт
Эске салсак, бүгүн, 8-ноябрда, Бишкектин чок ортосунда -  Эркиндик бульвары менен Чүй проспектисинин кесилишиндеги тез татымда жарылуу болгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча, тез татымдагы жарылуудан 12 адам жабыркаган, алардын ичинде 3 бала бар, жабыркагандардын бири (тез татымдын кызматкери) жеринде каза болду.

Үч бала тез жардам кызматы аркылуу Балдардын шаардык ооруканасына жеткирилип, дарыгерлердин кароосунан кийин амбулатордук дарыланууга коё берилди.

Бишкек  шаардык травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна тогуз адам жеткирилди. Алардын абалы боюнча кошумча маалымат берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0