Бишкектеги жарылуудан жабыркагандардын абалы, кайсы ооруканага түшкөнү айтылды

© Sputnik / Табылды КадырбековВзрыв фастфуда "Антошка" в центре Бишкеке
Взрыв фастфуда Антошка в центре Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн түш ооп калганда Эркиндик бульвары менен Чүй проспектисинин кесилишиндеги тез татымда жарылуу болгон.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Бишкектеги тез татымдагы жарылуудан жабыркагандардын арасында жетөө жаш балдар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги такталган маалыматтарга таянып билдирди.

Эске салсак, Бишкектин чок ортосунда, тагыраагы, Эркиндик  бульвары менен Чүй проспектисинин кесилишиндеги тез татымда жарылуу болгон. Саламаттыкты сактоо министрлигинен кырсыктан жабыркагандардын саны 12ге жеткенин, жеринде тез татымдын бир кызматкери каза болгонун айтышкан.

"Жабыркаган 12 кишинин арасынан жетөө балдар, бири жеринде каза болгон кызматкер", — деп айтылат билдирүүдө.

Алардын ичинен Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна алты адам жаткырылды. Калгандары амбулатордук дарыланууга жиберилди.

Взрыв фастфуда Антошка в центре Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкек: тез татым жайындагы жарылуудан каза болгон кыздын сөөгүн алып чыгышты. Сүрөт
Аталган оорукананын жандандыруу бөлүмүндө эки киши жатат. Алардын денесинин 25-30 пайызы күйүп калган, абалдары оор.

Күйүктү дарылоо бөлүмүнө үч киши жаткырылды. Денесинин 5-13 пайызы күйгөн, абалдары орточо оор деп  бааланууда.

Токсикология бөлүмүндө бир адам. Ал түтүнгө ууланган, абалы орточо оор.

Учурда эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин тексттик трансляциясынан окуй аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0