Бишкек: тез татым жайындагы жарылуудан каза болгон кыздын сөөгүн алып чыгышты. Сүрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековВзрыв фастфуда "Антошка" в центре Бишкеке
Взрыв фастфуда Антошка в центре Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эркиндик бульвары менен Чүй проспектисинин кесилишиндеги тез татымда жарылуу болуп, анда иштеген бир кызматкер каза болгону айтылат.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Бишкектин чок ортосундагы тез татымдагы жарылуудан каза болгон кызматкердин сөөгү табылды. 

Взрыв фастфуда Антошка на пересечении проспекта Эркиндик и улицы Киевской в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
"Ала-Тоо" аянтынын жанындагы тез татымдын жарылган учуру видеого түшүп калды
Эске салсак, Бишкектин чок ортосунда, тагыраагы, Эркиндик бульвары менен Чүй проспектисинин кесилишиндеги тез татымда жарылуу болгон. Саламаттыкты сактоо министрлигинен кырсыктан жабыркагандардын саны 12ге жеткенин, жеринде тез татымдын бир кызматкери каза болгонун айтышкан.

Маалыматка караганда,  маркумдун сөөгүн ӨКМ менен милициянын кызматкерлери өрттөнгөн имараттан алып чыгышты.

Бишкек шаардык милициядан каза болгон кыздын ким экендиги такталып жатканын билдиришти.

Учурда эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин тексттик трансляциясынан окуй аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0