Бишкектеги жарылуу: тез татымда иштеп жаткан кыз каза болду

© Sputnik / Табылды КадырбековВзрыв фастфуда "Антошка" в центре Бишкеке
Взрыв фастфуда Антошка в центре Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектин чок ортосунда, тагыраагы, Эркиндик бульвары менен Чүй проспектисинин кесилишиндеги тез татымда жарылуу болгон.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Бишкектин борборунда орун алган тез татым жарылып, ал жакта  иштеген кыз ичинде калып каза болду.  Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, Бишкектин чок ортосунда, тагыраагы, Эркиндик бульвары менен Чүй проспектисинин кесилишиндеги тез татымда жарылуу болгон.

Маалыматка караганда, кырсыктан 12 адам жабыркаган.

"Жеринде тез татымда иштеген кыз каза болду. Жабыркагандардын үчөө жаш балдар. Алар ооруканага жеткирилди. Учурда жабыркагандардын саны 12 киши деп айтылды. Алардын тогузу Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий–изилдөө борборуна жеткирилди", — деп айтылат билдирүүдө.

Жеринде дагы деле медиктер иштеп жатат. Министрликтен кошумча маалымат берилерин айтышты.

Учурда эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин тексттик трансляциясынан окуй аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0