Бишкекте ракка кабылган балдарга чогулган акчанын миң долларын уурдап кетишти

© AFP / ROSLAN RAHMANКурс доллара в Сингапуре
Курс доллара в Сингапуре - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уюштуруучулар интернет колдонуучулардан #Некрадинадежду  сөзү жазылган баракты сүрөткө тартып, өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жүктөөнү суранып жатат.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда ракка кабылган балдарга жардам көрсөтүү үчүн түзүлгөн кайрымдуулук фондунан акча уурдоого каршы #Некрадинадежду акциясы өтүп жатат. Бул тууралуу Help the children — SKD фондунун директору Елена Конева билдирди.

Фонд флешмобду Улуттук кызыл жарым ай коому менен биргеликте баштады.

Коневанын айтымында, акыркы айларда чогулган акчанын миң доллардан ашыгы уурдалып кеткен.

"Бул акчалар онкологиялык ооруларга чалдыккан балдарга арналган. Биз милицияга арыз жазганбыз. Уурулардын бири кармалган, бирок иликтөө иштери өтө эле созулуп кетти. Башкалары кармала элек. Биздин максат — чогулган ар бир сому балага сакайып кетүүгө мүмкүнчүлүк берерин түшүндүрүү. Ушундай оор абалдагы кишилердин акчасын уурдап алуу адамдыкка жатпайт", — деди фонддун жетекчиси.

Уюштуруучулар интернет колдонуучулардан #Некрадинадежду  сөзү жазылган баракты сүрөткө тартып, өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жүктөөнү суранып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0