Авиалайнер учууга камданып жаткан маалда борттун командири самолёттон эки жүргүнчүнү түшүрө турганын билдирген.
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Учакта мас болуп чыр салган эки кыздын айынан эл аралык "Манас" аба майданындагы каттам кармалып калды. Бул тууралуу аталган аэропорттун маалымат кызматынан кабарлашты.
Бүгүн, 7-октябрда, Pegasus компаниясынын 701-каттамынын авиалайнери учууга даярданып жаткан учурда аба кемесинин командири учактар конгон аянтка кайтууну суранган. Ал самолётто чыр салган эки жүргүнчүнү түшүрүү керектигин айткан.
Кыздарды лайнерден чыгарып, милициянын күзөт бөлүмүнө алып барышканы айтылды. Ал жактан кыздар мас экендиги аныкталган.
Россияда жашылча-жемиш эле эмес, кыргызстандык жеңил өнөржайчылардын эмгеги да жакшы сатылат. Бирок кийим-кеченин экспорту солгундашы мүмкүн. Мунун алдын кантип алуу керектигин Sputnik Кыргызстан даярдаган материалдан окуңуздар.