Кыргызстан тажик-өзбек чек арасына болгон кол салууну айыптайт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрибытие в Кыргызстан президента Таджикистана Эмомали Рахмона
Прибытие в Кыргызстан президента Таджикистана Эмомали Рахмона - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз ТИМинин жетекчиси тажикстандык кесиптеши менен телефон аркылуу сүйлөшүп, каза болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөсүнө көңүл айтты.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Кыргыз ТИМинин жетекчиси Чыңгыз Айдарбеков Тажикстандын чек арасында болгон окуяга тынчсыздангандыгын билдирди. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.

2019-жылдын 6-ноябрында эки өлкөнүн ТИМ жетекчилери - Чыңгыз Айдарбеков менен Сироджиддин Мухриддин телефон аркылуу сүйлөшкөн.

Учения отряда специального назначения Омега и сводного отряда ГСИН - Sputnik Кыргызстан
Теракт жасоого камынышкан! Тажикстандын чек арасындагы окуянын чоо-жайы
Анда кыргызстандык министр тажик-өзбек чек арасындагы "Султанабад" чек ара отрядынын №4 "Ишкобод" чек ара заставасына куралдуу топтун кол салуусуна тынчсыздангандыгын билдирди.

Эске салсак, андан чек арачы менен милиционер курман болгон.

Кыргыз тарап мындай актыларды айыптаарын жана регионалдык коопсуздукту камсыз кылуу максатында аймактагы өлкөлөрдүн биргелешкен күч-аракеттерине колдоо көрсөтөрүн билдирди.

Мындан сырткары, Айдарбеков Тажикстандын каза болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0