ЖАМКда дагы бир аскер көз жумду

© Sputnik / Табылды КадырбековКомплекс корпусов для содержания заключенных ПЛС в Молдовановке
Комплекс корпусов для содержания заключенных ПЛС в Молдовановке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жоокер жатууга даярданган кезде өзүн жаман сезип жатканын айтып, кулап калган. Жерине келген медицина кызматкерлери анын көз жумганын аныктаган.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Күзөт жана коштоо департаментинин борбордук аппаратында 19 жаштагы кенже сержант каза тапты. Бул тууралуу ЖАМКдан билдиришти.

Окуя 5-ноябрь күнү саат 21:30да жатууга даярданып жаткан маалда болгон.

"Аскер кызматкери өзүн жаман сезип жатканын айтып, кулап калган. Жерине келген медицина кызматкерлери анын көз жумганын аныкташкан. Алдын ала маалымат боюнча, жоокердин жүрөгү кармап калган", — деп айтылат маалыматта.

ЖАМК кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
ИИМдин айыптоолоруна ЖАМК жооп кайтарып, милиционерлерди сындады
19 жаштагы К.К. Кадамжай районунда төрөлгөн. Ал үстүбүздөгү жылдын май айында ант берип, кызматын өтөй баштаган.

Жоокердин өлүмү боюнча Аскер прокуратурасы иликтөө жүргүзө баштады.

ЖАМКдан билдиришкендей, бул эки күндүн ичинде болгон экинчи окуя. 4-ноябрда Новопокровкадагы №3 түзөтүү колониясында жоокер токко урунуп каза тапканы айтылган. Бирок кийинчерээк аскер жүрөк оорудан улам көз жумганы жарыяланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0