Бишкекте өрттөнгөн жеңил унаага өрт өчүрүүчүлөр жетпей калды. Видео

© AFP / MEHMET OZERКүйүп жаткан унаа. Архив
Күйүп жаткан унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя болгон жерге бир өрт өчүрүүчү унаа барып, бирок жолдун тардыгынан улам кире албай калганы айтылат.

БИШКЕК, 5-ноя — Sputnik. Борбор калаанын 5-кичирайонунда жеңил унаа күйүп кетти. Бул тууралуу окуянын күбөсү "Бишкек сегодня" Telegram группасына жазып, видеосун жиберди.

Видеого тартып жаткан кыз өрт өчүрүүчү унаа жолдун тардыгына байланыштуу күйүп жаткан машинага жете албай жатканын айтууда.

Буга жолдун эки тарабына коюлган автоунаалар себеп болушу мүмкүн. Күбөнүн билдиришинче, машина Юнусалиев көчөсүнүн №46 жана №50 турак жайларынын ортосунда күйгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аталган факты катталганын тастыктап, бир өрт өчүрүүчү бригада чыгып кеткенин билдирди. Азыркы тапта өрт өчүрүлгөн, кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда. Алдын ала маалыматтар боюнча жаракат алгандар жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0