ЖАМК: Бишкектин жанындагы абакта жоокер токко урунуп каза болду

© AFP / Thomas KienzleЗапрет на продажу ламп накаливания в Германии
Запрет на продажу ламп накаливания в Германии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык Чүй облусунун Новопокровка айылында жайгашкан №3 абакта 4-ноябрь күнү болду. Төртүнчү батальондун катардагы жоокери лампочка алмаштырып жаткан учурда токко урунган.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Чүйдөгү №3 түзөтүү колониясында Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) кайтаруу жана күзөт департаментинин аскери токко урунуп көз жумду. Бул тууралуу ЖАМКнын маалымат кызматы билдирди.

"Кырсык Чүй облусунун Новопокровка айылында жайгашкан №3 колонияда 4-ноябрь күнү болду. Төртүнчү батальондун катардагы жоокери лампочка алмаштырып жаткан учурда токко урунган", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, медициналык жардам көрсөтүлгөнүнө карабай жоокердин өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес. Тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0