Сириядан келип теракт жасамак болгон делип 24 жаштагы жаран кармалды

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүПогранзастава "Западная" в акватории Калининградского залива
Погранзастава Западная в акватории Калининградского залива - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал мындан төрт жыл мурда Сирияга кеткен. Кайтып келген соң кылмыштуу максаттарын жашыруу үчүн КМШ мамлекеттеринин биринде эмгек мигранты катары жашырынып жүргөн.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Диверсиялык-террорчулук боюнча атайын даярдыктан өтүп жана эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү болуп Сирия өкмөтүнө каршы согушка катышкан кыргызстандык жаран кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Ал эл аралык террордук уюмдардын мүчөлөрүн жана согушкерлердин Кыргызстандын аймагына кирүү каналына бөгөт коюу алкагында жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө колго түшүрүлгөн. 

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРДиверсиялык-террорчулук боюнча атайын даярдыктан өтүп жана эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү болуп Сирия өкмөтүнө каршы согушка катышкан кыргызстандык жаран кармалды
Сириядан келип теракт жасамак болгон делип 24 жаштагы жаран кармалды - Sputnik Кыргызстан
Диверсиялык-террорчулук боюнча атайын даярдыктан өтүп жана эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү болуп Сирия өкмөтүнө каршы согушка катышкан кыргызстандык жаран кармалды
"Ал мындан төрт жыл мурда Сирияга кеткен. Кайтып келген соң кылмыштуу максаттарын жашыруу үчүн КМШ мамлекеттеринин биринде эмгек мигранты катары жашырынып жүргөн", — деп айтылат маалыматта.

Шектүү октябрь айында ошол жактан колго түшүрүлүп, Жалал-Абад шаарына алып келингенден кийин убактылуу кармоо жайына киргизилди.

УКМК буга чейин да Кыргызстанга жардыруу жасоо үчүн келген 25 жаштагы жаран кармалгандыгын маалымдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0