Россияда жол кырсыгынан 25 жаштагы кыргызстандык жигит каза болду

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүСкорая помощь
Скорая помощь - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Парголово — Огоньки унаа жолунда Suzuki Grand Vitara жана Skoda Octavia машиналары сүзүшкөн. Каза тапкан кыргызстандык экинчи автоунаада бара жаткан.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Ленинград облусунун Всеволожск районунда 1-ноябрь күнү эки унаа кагышып, анын кесепетинен 25 жаштагы кыргызстандык жигит көз жумду. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Парголово — Огоньки унаа жолунда Suzuki Grand Vitara жана Skoda Octavia машиналары сүзүшкөн. Каза тапкан кыргызстандык экинчи автоунаада бара жаткан.

Маалыматка караганда, маркум Ош облусунун Кара-Суу районунан эле.

"Кыргызстандын Санкт-Петербург шаарындагы өкүлчүлүгүнүн жардамы менен маркумду мекенине жеткирүүгө тиешелүү документтер дайындалды. Сөөк 5-ноябрь күнү Санкт-Петербург — Ош каттамы менен Кыргызстанга жөнөтүлөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Кырсык боюнча иликтөө иштерин элчилик көзөмөлдөп, укук коргоо органдарынын мындан аркы кадамдары тууралуу коомчулукка кабарлап турмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0