Соттор талашып-тартышкыча мурдагы аткаминер качып кетти

CC0 / Joe Gratz / Courtroom One GavelСудебный молоток. Архивное фото
Судебный молоток. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пара менен кармалган аткаминер 12,5 жылга кесилип, бирок бир жылдан кийин кайра эркиндикке чыгарылган болчу.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Милиция Бишкек шаардык Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин экс-директору Насыр Алмаматовго издөө жарыялады. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, экс-директордун иши боюнча материал милицияга Октябрь райондук сотунан 1-ноябрда келип түшкөн. Буга байланыштуу ага издөө жарыяланган.

"Азыркы тапта Насыр Алмаматовду кармоо үчүн жүргөн жерин аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Глава ГКНБ Бусурманкул Табалдиев - Sputnik Кыргызстан
Батукаевдин иши тергелип бүтүп, УКМКнын экс-жетекчисине издөө жарыяланды
Алмаматов УКМК тарабынан 2018-жылы пара менен кармалып, Октябрь райондук сотунун өкүмү менен 12,5 жылга кесилген. Тергөөдө аны автоунааларды каттоодо жана айдоочулук күбөлүк алуу үчүн экзамен тапшырууда коррупциялык схема түзүп акча алып турганы аныкталган. Бирок кийинки инстанцияда Бишкек шаардык соту 9-июлда аткаминердин жазасын жеңилдетип, 3 миллион 300 миң сом айып пул салуу менен эркиндикке чыгарган.

Анткен менен Жогорку сот Октябрь райондук сотунун чечимин кайтарып, Алмаматовду 12,5 жылга эркинен ажыраткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0