Башкы прокуратура: милиционерлер үч жол кырсыгын жашырып койгон

© Sputnik / Табылды КадырбековМитинг сотрудников госцирка в центре Бишкека
Митинг сотрудников госцирка в центре Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаада үч жол кырсыгынан адамдар жабыркаган. Алар ооруканага түшкөнү менен факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган эмес.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Бишкекте болгон үч жол кырсык боюнча факты жашырылган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Запуск пилотного проекта Патрульной службы милиции по Бишкеку - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте Кайгуул милициясы ишке кирди. Кызматы жана өзгөчөлүгү
Аталган фактылар Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган эмес. Башкы прокуратура Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна криминалдык мүнөздөгү жаракат менен түшкөндөрдүн санын текшерген. Натыйжада үстүбүздөгү жылдын январь айынан июнь айына чейин ооруканага эки аял менен бир киши кайрылганы белгилүү болгон.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, ооруканага Бишкек ШИИББдин кызматкерлери бекитилген. Аларга дарыгерлер криминалдык мүнөздөгү жаракат менен түшкөндөр тууралуу маалымат берип турат.

"Бирок жогоруда аталган фактылар эмнегедир Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган эмес. Бүгүнкү күнгө чейин жол кырсыгына жол берген тараптарга укуктук баа бериле элек", — деп айтылат маалыматта.

Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 357-беренеси ("Кылмышты жашырып коюу") боюнча сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат. Тергөө амалдарын УКМК жүргүзүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0