БП: Саламаттык сактоо министрлигинде иштегендер лицензия берүүдө мыйзам бузган

© Sputnik / Табылды КадырбековЗдание министерства здравоохранения Кыргызской Республики
Здание министерства здравоохранения Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлигинин тийиштүү кызматкерлери тогуз ишкер менен 15 ЖЧКга лицензия бербей коюшкан.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Башкы прокуратура Саламаттык сактоо министрлиги жеке компанияларга лицензия берүүдө мыйзам бузганын аныктады. Бул тууралуу көзөмөл органдын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, текшерүү учурунда медициналык жана фармацевтикалык ишмердүүлүк менен алектенүүгө уруксат берген лицензия үчүн берилген кагаздарды топтоодо системалык эреже бузуулар болгон.

"Үстүбүздөгү жыл ичинде министрликтин тийиштүү кызматкерлери буйруктарда көрсөтүлбөгөн документтерди талап кылышкан. Натыйжада тогуз ишкер менен 15 ЖЧКга лицензия берилген эмес", — деп айтылат маалыматта.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында Башкы прокуратура 31-октябрь күнү саламаттык сактоо министрине эреже бузууларды жөнгө салуу сунушун берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0