Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК башчылары жолугуп, чек араны талкуулашты

© Sputnik / Табылды КадырбековУКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев. Архив
УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушуунун орчундуу темасы эки мамлекеттин чек арага жакын жайгашкан райондорунун коопсуздугун камсыздоо болду.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Тажикстандын Исфара шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) жана Чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугушту.

Эки делегацияны кыргыз тараптан УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев менен тажикстандык кесиптеши Саймумин Ятимов жетектеген.

"Жолугушуунун орчундуу темасы эки мамлекеттин чек арага жакын жайгашкан райондорунун коопсуздугун камсыздоо болду. Ошондой эле экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүүдө мекемелер аралык кызматташтыктын натыйжалуулугун жогорулатуу маселеси талкууланды. Бул багытта эки тарап биргеликте иш алып барып, чек ара коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кызматташтыкты бекемдөө боюнча макулдашышты", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, мамлекеттик чек араны аныктоо жана тактоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын алгылыктуу иш-аракети үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө жардам берүү чечими кабыл алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0