Уул-кызын муунтуп өлтүргөн аракеч келин. 90-жылдардагы кылмыштар

© © Sputnik  / Медиабанкка өтүүЗаседание суда по делу И.Тимошенко, заморозившей своих детей
Заседание суда по делу И.Тимошенко, заморозившей своих детей - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан 25 жыл мурун ноябрь айында өлкө аймагында бир топ чуулгандуу кылмыштарга карата өкүмдөр чыккан. Алардын көпчүлүгүндө айыпталуучулар өлүм жазасына тартылган.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы гезит беттерин барактап, 90-жылдардагы каргашалуу окуяларды карап көрдү.

Өлүм жазасына тартылган ага-ини

Баңгизат сатып күн көргөн эки бир тууган ортомчулар аркылуу 29 килограмм нашааны үч миң рубль жана бриллиант шакекке саткан. Кийин алардын алган шакеги жасалма болуп чыгып, ага-ини ортомчу болгон эркекти таап, аны өлгүчө сабап шаардын четине көмүп салышкан. Соттум өкүмүнүн негизинде эки тууган бир күндө өлүм жазасына тартылып атып өлтүрүлгөн.

Өз чүрпөлөрүн өлтүргөн эне

Нарушивший закон мужчина в наручниках - Sputnik Кыргызстан
Аэропортто киши өлтүрүп, сөөгүн багажникке салып кетти делгендер кармалды
18 жашында турмушка чыккан кыз жолдошу менен жашап бир кыз, бир уулдуу болгон. Кичинекейлер чоңойгонго чейин эле жолдошу кургак учуктан улам көз жумуп, келин жесир калган. Тагдырына таарынган ал аракечтикке берилип балдарын карабай, күнү-түнү бөтөлкөлөштөрү менен гана жүрүп калат. Күндөрдүн биринде ал үйгө мас болуп келип, курсагы ачып тамак сураган эки баласынын ыйына чыдабай, наристелерди муунтуп тынчытып койгон. Сотто аял ыйлап, күнөөсүн мойнуна алып өзүн өлүм жазасына тартууну суранган, фемида өкүлдөрү болсо чарчап калган чүрпөлөрдүн энесин тирүү калтырып жазалаган.

Мыкаачы өспүрүм

Талап-тоноочулук менен камалып жаңы эле түрмөдөн чыккан 16 жаштагы жигит алты жаштагы баланы көчөдө өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн. Мектепке барам деп кубанып көчөдө жүргөн тестиерди кылмышкер кармап алып, зордуктоого аракет кылган. Каршылык көрсөткөн баланы зөөкүр темир менен башка бир нече жолу чапкылап өлтүргөн. Ошентип жолдошу менен ажырашкан аял жалгыз уулунан ажыраган.

Туткунга түшкөн үй-бүлө

Открытие охотничьего сехона во Франции - Sputnik Кыргызстан
Лейлекте 25 жаштагы жигитти өз үйүнөн желкеге атып кетишти
Жалданма үч кылмышкер ишкер аялды, анын жолдошун жана эки баласын уурдап кетип, жер төлөдө кармаган. Алар туткунга алынгандардын жакындарынан 20 миң сом талап кылган. Бирок шаардык милициянын кызматкерлери шылуундардын арам оюн ишке ашырбай, үч күндөн кийин аларды колго түшүргөн. Кылмышкерлерди 10 миң сомго жалдаган аял да кармалган. Ал жабырлануучуларга берген карызын ала албай ушул жолго барганын айтып берген.

Курал саткан эргул

Кезинде аскер бөлүгүндө кызмат өтөп, курал-жарак сактаган кампада баш-көз болгон Александр ал жактан бир топ ок атуучу, жардыруучу каражаттарды уурдап чыккан. Эки баланын атасы убакыт өткөндөн кийин үч тапанча, үч автоматты сатууга аракет кылып кардар да тапкан. Бирок 550 миң рублин алып тапанчанын ордуна колго жасалган жардыруучу каражатты берип койгон. Ал "белек" автоунаага түшкөндөн кийин жарылып бир адам көз жумуп, экинчисинин колу жулунуп кеткен. Мыйзамсыз жол менен акча табууну көздөгөн шектүүнү сот өлүм жазасына буйруган, айыпталуучу ал күнгө жетпей эле түрмөдөн качууга аракет кылып чекисттерден ок жеп көз жумган.

Палатадагы атышуу

Кыргыз жаранын паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Виза ачып берем деп элди 96 миң долларга алдап кеткен аялдар кармалды
20 жаштагы жигит Бишкектеги ооруканалардын бирине кирип, 25 жаштагы жигитти автомат менен аткылап өлтүрүп качып кеткен. Беш күн өткөндөн кийин прокуратурага эки автоматты көтөрүп келип кылганын мойнуна алган. Окуя шаар тургундарынын төбө чачын тик тургузуп, каргашаны чет элдик ЖМКлар да жазган. Тергөөчүлөрдүн маалыматына ылайык, шектүү жаш жигит мындай жолго өч алуу үчүн барган. Себеби палатада ок жеп көз жумган маркум он күн мурун айыпталуучунун жакын досун тапанча менен атып таштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0