Ок жеп, кырсыктап, бычакталып... Кызматта жүрүп үйүнө кайтпай калган милиционерлер

© Sputnik / Табылды КадырбековЧасть жилмассива "Энесай" заблокирована милицией, идет проверка домов
Часть жилмассива Энесай заблокирована милицией, идет проверка домов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айрымдарынын артында бир нече бала калса, кээ бирөөлөрү жаңы үйлөнөм деп турган. Кырсыкты кайдан деп болот… Тирүү болсо бүгүн алар да башка кесиптештери сыяктуу майрамдап жүргөн болор эле. Балким, сыйлык алып, жогорку кызматка көтөрүлмөк.

Быйыл кыргыз милициясынын түптөлгөнүнө 95 жыл толду. Кыргызстанда тартип менен тынчтыкты камсыздап, мамлекеттин бүтүндүгүн жана жарандардын укугун коргогон милиция кызматкерлери жыл сайын 1-ноябрда кесиптик майрамын белгилейт.

Презентация цифровизированного командного центра в Бишкеке президенту Сооронбаю Жээнбекову  - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Бишкектеги кылмыштарды онлайн-көзөмөлдөө системасын көрдү
Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков тартип сакчыларын куттуктап жатып эгемендүүлүк жылдарында кылмышкерлер менен болгон кармашта ички иштер органдарынын 170 кызматкери курман болгонун айтып өттү.

Кызмат учурунда ажал тапкандардын акыркысы 2017-жылдын октябрында кылмышкердин колунан бычак жеп каза болгон 25 жаштагы ага-лейтенант Уларбек Майрамбеков. Бактыга жараша, андан бери бул сыяктуу окуялар катталган эмес.

Sputnik Кыргызстан агенттиги соңку тогуз жылда набыт болгон милиция кызматкерлерин эске салды.

Бычак жеп, көчөдө жан берген милиция

Бишкектиктер үрөй учурган окуя тууралуу 26-октябрда эртең менен угушту. Түндөсү Бишкектин Бөкөнбаев жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинен милиция кызматкеринин сөөгү табылган. Кылмышкердин колунан бычакталып каза болгон адам 25 жаштагы Уларбек Майрамбеков болуп чыкты.  

Маркум Биринчи Май райондук милициясынын криминалдык кызматында иштечү. Ал мурунку күнү жасап бүткөн иштеринин эсеп-чотун берип, табелдик куралын тапшырып, кубанган тейде эмгек өргүүсүнө кеткен. Жакын арада үйлөнө турганын да айткан экен. Иштен чыгып кесиптештерин Бишкектин ичиндеги бир жерге алып барууну суранып, ал жакта калган. Ал эми видеодон түн жамынган бирөө ага кантип бычак ургандыгын көрүүгө болот

Кесиптешинен ок жеген старшина

© Фото / пресс-служба МВД КРАдистешкен күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын кызматкери Жолдошбек уулу Адилет
Ок жеп, кырсыктап, бычакталып... Кызматта жүрүп үйүнө кайтпай калган милиционерлер - Sputnik Кыргызстан
Адистешкен күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын кызматкери Жолдошбек уулу Адилет

Андан бир күн мурда, 25-октябрда, Нарын шаарында каргашалуу окуя болгон. Адистешкен күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын кызматкери Жолдошбек уулу Адилет окко учту. Окуя кечкурун, тагыраагы, 18.15те Нарын ШИИБинин күзөт бөлүмүнүн курал сактоочу бөлмөсүндө болуп, 26 жаштагы ага сержант куралын өткөрүп жатып, жанындагы старшина тарапка ок чыгарып алган.

Чолпон-Атада кырсыктаган инспектор

Июнь айынын соңунда Чолпон-Ата шаарында Кайгуул милиция кызматынын инспекторун иш учурунда көчөдө кетип бара жаткан Subaru Forester үлгүсүндөгү унаа коюп кетип, ал ооруканада көз жумган

25 жаштагы айдоочу шаардын Совет көчөсү менен батышты көздөй бара жатып, борбордук мечиттин аймагына жеткенде рулду оң жакка, кызматтык унаасынын жанында турган милиционерлерди көздөй буруп жиберген. Милиционерди сүзүп кетип, анын эки буту сынып, ички органдары жабыркаган. Ал эми экинчиси жолдон четке чыга качканга үлгүрүп, аман калган.

Сөөгү үч күндөн кийин табылган подполковник

© Фото / Зульфия ТургуноваОшто Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматта иштеген подполковниктин сөөгү 24-мартта автоунаанын ичинен табылган
Ок жеп, кырсыктап, бычакталып... Кызматта жүрүп үйүнө кайтпай калган милиционерлер - Sputnik Кыргызстан
Ошто Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматта иштеген подполковниктин сөөгү 24-мартта автоунаанын ичинен табылган

Ошто Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматта иштеген подполковниктин сөөгү 24-мартта автоунаанын ичинен табылган. Ал 21-март күнү үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Үч күндөн кийин сөөктү Учар айылынын Набережная көчөсүндө жолдун боюнда токтоп турган көк түстөгү Mitsubishi унаасынан табышкан.

Ош шаардык милициясынан анын өлүмүнө шектелип бир үй-бүлө мүчөлөрү кармалгандыгын айтышты. Анда шектелүүчү аялын подполковниктен кызганып, ушундай кадамга баргандыгы айтылган.

Окко учкан кайгуулчулар

Подготовка к открытию Центра предоставления государственных услуг МВД КР - Sputnik Кыргызстан
Кой-Таш окуясында жабыркаган Самат Курманкуловго "Эрдик" медалы ыйгарылды
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында "Тико" унаасы менен келген белгисиз адамдар түнкү кайгуулда жүргөн милиционерлерди аткан. Анда старшина Кылычбек Ысманов менен кичүү сержант Гуламжан Бердалиев каза болуп, үчүнчүсү Мухаммед Ибрагим Атаназаров жаракат алган.

Кылмышкер Бахромжон Шамшидинов 14 жылга кесилген. Анын шериктери Умиджан Сабиров менен Абдраимжан Юнусалиев үч жылга эркинен ажыратылган.

Кылмыштуу топтун курмандыгы болгондор

2011-жылы 4-январда Бишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен рейдге чыккан  үч милиционер окко учкан. Алар бир жыл мурун Кожомкул атындагы Спорт сарайынын алдындагы жарылууну уюштурууга шектелген кылмыштуу топту көрүп калышкан. Милиционерлер Калашников автоматынан набыт болгон.

Кийин атайын операция жүргүзүлүп, Арашан айылында эки кылмышкер жок кылынып, үчүнчүсү кармалган. Тилекке каршы, мында да кан төгүлүп, УКМКнын "Альфа" бөлүгүнүн бир аскери каза тапкан.

Төрт баласы жетим калган полковник

Полковник Толкунбек Шоноев 2013-жылдын январында мерт болгон. Ал "Дэу Нексия" үлгүсүндөгү кызматтык унаасы менен үйүнө кайтканда белгисиз адамдар келип эки тараптан аткылаган. Полковник мындан аман чыга алган эмес.

Шоноев 35 жашта болчу, артында төрт баласы калды. Бул иш боюнча жети киши күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылган.

Милиция бөлүмүндөгү жарылуу

2013-жылы 30-мартта Ак-Өргө жаңы конушундагы милиция бөлүмүндө аймактык тескөөчү Шамил Усубалиев босогонун жанынан скотч менен оролгон ак түстөгү баштыкты көргөн. Эч нерседен шек санабай ачып жатканда ал жарылып кеткен. Шамил Усубалиевди үйүндө жубайы менен эки баласы күтүп отурган эле.

Абактан качкан кылмышкер

2014-жылы июнда 43 жаштагы Александр Саяпин курал сактаганы үчүн төрт жылга кесилип, түзөтүү колониясына киргизилген. Октябрь айында Саяпин абактан качып чыккан. Ал үйүнө келгенде эки опер кызматкери кармоо үчүн барганда милициянын капитаны Бакай Сыдыгалиев башына ок жеп, набыт болгон.

Кийин сот Саяпинди өмүр бою эркинен ажыратты.

№50 СИЗОдон качкандар

2015-жылдын 11-октябрынан 12сине караган түнү №50 Тергөө абагынан ЖАМКтын үч кызматкерин өлтүрүп, тогуз кылмышкер качып чыккан. Дагы бир жарадар болгон офицер ооруканада беш күндөн кийин каза болгон. Качкындардын бешөө ошол эле түнү кармалып, төртөө из суутуп кетүүгө үлгүргөн. 

22-октябрда түнкү саат 22.30да "Достук" кичирайонунда жашырынып жаткан Алтынбек Итибаев жок кылынган. Үч саатка созулган атайын операция учурунда СОБРдын бир жоокери Төлөбек Исмаиловдун башына ок тийген. 37 жашында курман болгон жоокердин артында үч баласы калды.

Сууга түшкөн аялды куткарам деп...

2015-жылы ноябрь айында каналга агып бара жаткан аялды куткаруу үчүн кичи сержант Тынчтык Абдрахманов сууга секирген. Бирок катуу агымдан улам экөө тең суудан чыга албай калышкан. 26 жаштагы милиционер менен аялдын сөөгү Бишкек — Кемин унаа жолунун 59-чакырымында каналдын бүткөн жеринен табылган. Ал эки баланын атасы болчу.

Рейд учурунда каза болгон

Презентация цифровизированного командного центра в Бишкеке президенту Сооронбаю Жээнбекову - Sputnik Кыргызстан
Бийликке ишеним милиционерден башталат. Жээнбеков тартип сакчыларын куттуктады
2015-жылы ноябрь айында милициянын кенже лейтенанты Актилек Абдувалиев кечинде 8-кичирайондогу №38 үйдүн жанынан эки кылмышкердин колунан каза тапкан. 26 жаштагы тескөөчү үй ууруларын кармоо учурунда өлтүрүлгөн.

Курман болгон милиционер бир нече кылмыштардын бетин ачкан алдыңкы кызматкерлерден эле. Кылмышка шектүүлөр борбор калаадагы "Мадина" базарынын жанынан кармоого каршылык көрсөткөндө жок кылынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0